Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Аймактагы кооптуу жерлерде дагы 66 үй-бүлө жашап жатат


Бул маалыматты чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда министрликтин кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү департаменти тарабынан Аксы районунун Райкомол айлындагы 66 үйгө алдын ала эскертүү берилген. “Бирок алар бүгүнкү күнгө чейин көчпөй турушат, эми жергиликтүү бийликтин жардамы менен аларды тез арада көчүрүп чыгып кетүүгө тийишпиз,” дейт Камчыбек Ташиев. Министрдин айтуусунда Райкомол айлы суу жээгине түшкөн кооптуу айыл болуп эсептелгени менен кечээ кырсык болгон айылдагы көчкү басып калган үйлөр турган жер мынчалык кооптуу деп күтүлгөн эмес эле. Камчыбек Ташиев жер көчкүнүн көлөмү өтө чоң болгондуктан, жер суунун аркы өйүзүнөн көчүп, берки жээкте жайгашкан үйлөрдү басып калган- дейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG