Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Бишкектин мектептериндеги тамак-аштын сапатын атайын комиссия иликтөөгө алууда


Бүгүнкү күнгө чейин борбор калаадагы он чакты орто мектептеги башталгыч класстарга берилип жаткан тамак-аштын сапаты комиссиянын текшерүүсүнөн өттү. Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым мектептерде балдарга сапаты төмөн, тиешелүү стандарттарга туура келбеген азыктар берилип жатканы аныкталды. Булардын баары комиссиянын жакынкы күндөрү Бишкек шаар кеңешинин отурумунда ачык маалымдалат. Бул комиссиянын курамында Бишкек шаар кеңешинин депутаттары, мэриянын өкүлдөрү жана мамлекеттик сан-эпидемиология борборунун кызматкерлери бар. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Эки жыл мурда Майлысуу шаарындагы №5 орто мектептин 70ке чукул окуучусу бузулган тамактан ууланып, чоң чуу түшкөнү белгилүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG