Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Чүйдөгү мугалимдер арзан күндөлүктү күчтөп кымбатка сатышууда


Бул туурасында бүгүн Чүйдүн Москва жана Сокулук районундагы айрым ата-энелер “Азаттыкка” кабарлашты. “Мектеп мугалимдери ар бир окуучуга кийинки жылдын күндөлүгүн 29 сомдон алууга мажбурлап жатышат. Мындай күндөлүктөрдүн базардагы дүң баасы 7 сом гана. Болгону сунуштаган күндөлүктүн биринчи бетинде ошол аймактын кыскача тарыхы менен сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бул көпчүлүк ата- энелер үчүн өтө оорго турууда”,- дешет. Ал эми облустук администрациянын басма-сөз кызматы күндөлүктү чыгаруу жана сунуштоо райондук билим берүү борборлорунун демилгеси деп маалымат берүүдө. "Учурда бул маселеге жергиликтүү укук коргоочулар киришип, айрым айылдарда күндөлүктү күчтөп сатуулар убактылуу токтоп турат", -деп билдирди укук коргоочу Сапар Аргынбаев.(JJ)

XS
SM
MD
LG