Президент мындай билдирүүнү Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын бүгүнкү курултайында жасады. Анын билдирүүсү боюнча дүйнөлүк экономикалык кризис мамлекетти башкарууну тезинен өзгөртүүнү талап кылып жатат. Мында административдик чечимдер гана болбостон, кадр даярдоодон баштап маанилүү чечимдерди ишке ашыруунун жолдору менен стандарттарын түп-тамырынан бери өзгөртүп, жаңы түшүнүктөрдү ишке киргизүүнү талап кылат. Ал үчүн саясий туруктуулук, коомдогу ынтымак зарыл жана саясий атаандаштык адамдардын ортосунда эмес, реформалоо программалары менен долбоорунун ортосунда жүрүш керек,-деп белгиледи президент. Ал эми “Интербилим” уюмунун башчысы Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” Кыргызстандын келечеги азыр жеке адамдарга байланыштуу болуп турат, себеби эл бийликке таза адамдар келип, коррупция менен жеке басарлыкты жойсо деп көксөп турат деп билдирди. Анын айтымында, президенттин мындай чакырыктары элге эч кандай жаңы дем алып келбейт, ал үчүн эл бийликти көзөмөлгө ала тургандай система түзүү зарыл.(BD)