Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Президенттикке талапкер Исмаил Исаков прокуратурага арызданат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Исаков өзү билдирди. Анын айтымында, арызында Коргоо министрлигинин штаб башчысы Аскар Жапаровду мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартуу талабын коет. Анткени Аскар Жапаров Исаковдун талапкерлигин колдоп кол коюп берген Панфилов районундагы Ровный айылындагы аскер адамдарын эмне үчүн кол койдуңар деп суракка алып, кызматтан кетесиңер деп коркуткан жана ал мен Коргоо министри кезимде министрликтин техникасы менен жабдуусуна түздөн-түз жооп берген адам болгон,-дейт Исаков. Ал эми БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Жумагулов “Азаттыкка” мындай арыз БШКга азырынча белгисиз экендигин жана талапкерден даттануу болсо жумушчу топ карайт деп билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG