Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Балыкчы шаарына жылына 100 миң тонна кант өндүрө турган завод курулат


Каракол эркин экономикалык аймагы Балыкчы шаарына көчүрүлүп келгенден бери өндүрүш жана өнөр жай мекемелери каттоодон өтө баштады. Балыкчы шаар башчысы Т. Өмүркулов алгач Корей ишкерлери 100 миң тонна кант чыгара турган завод коюп атканын ырастады. Ал үчүн 30 млн. доллар жумшалып, ишке киргизүү пландары башталды. Завод ачылаар менен жергиликтүү 300 адам жумуш менен камсыз болот. Өндүрүшкө керектүү чийки заттар темир жол каттамы аркылуу ташылып келгени жана эркин экономикалык аймакка кирүү ишкерлерге ыңгайлуу болгондуктан Балыкчы шаарына завод курууга көп сунуштар түшүп атат. (RB)

XS
SM
MD
LG