Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Абакта жаткан мурдагы депутат З. Парманкуловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү


Замирбек Парманкуловдун жактоочусу Талантбек Култаев «Азаттыкка» маалымдашынча, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты бейбашчылык кылган деп айыпталгандыктан, ал муну бийликтин буюртмасы деп эсептеп, түштүк борборундагы тергөө абагында 2-апрелден бери саясий ачкачылык жарыялаган. Ош облустук соту Парманкуловдун аппеляциялык арызын канаттандырып, андан эч жакка кетпөө тил катын алып бошотту. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан Парманкуловго байланышкан кылмыш иши тергелип бүткөндүгүн жана 12-майда Ош шаардык сотунда карала тургандыгын айтышты. (ATo)

XS
SM
MD
LG