Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

АКШ Куба менен мамилесинде “жаңы башталышка” умтулат


Кошмо Штаттар Куба менен мамилесинде “жаңы башталышка”, ал эми Америка континентинин калган өлкөлөрү менен “тең укуктуу өнөктөштүктү” көздөөрүн президент Барак Обама билдирди. Ал бул тууралуу Латын Америка менен Кариб деңизинин боюндагы өлкөлөрдүн Триниадада жана Тобаго мамлекетинде өтүп жаткан саммити учурунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Обама белгилегендей, анын администрациясы Куба менен бир катар, анын ичинде адам укуктары, сөз эркиндиги, демократиялык реформа өңдүү маселелер боюнча иштешүүгө даяр.

Саммиттин башталышында Барак Обама Вашингтондун аймактагы каардуу сынчысы деп эсептелген Венесуэланын президенти Уго Чавес менен кол алышып, саламдашты.

XS
SM
MD
LG