Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

А.Сарлыкбеков атындагы сыйлык түзүлдү


Кыргызстандын Эл артисти, режиссер Алмаз Сарлыкбековдун ысмын түбөлүккө калтыруу максатында анын атындагы сыйлык уюштурула тургандыгын Маданият жана маалымат министри Султан Раев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сыйлык театр жана искусство тармагындагы чыгаан жаш режиссерлорго жылына бир жолу ыйгарылат. Бүгүн Алмаз Сарлыкбеков туулуп-өскөн Москва районундагы Төлөк айылындагы клубдун алдында анын эстелик бюсту ачылды. Ал өткөн жылдын июнь айында 58 жаш курагында каза болгон. Сарлыкбеков театр искусствосуна 30 жылдан ашуун эмгегин арнап, Ч.Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар”, Ф.Достоевскийдин “Кылмыш жана жаза”, В.Шекспирдин “Король Лир”, Ж.Садыковдун “Жукеев-Пудовкин”, Н.Хикметтин “Унутулган адам” сыяктуу классикалык чыгармаларды сахналаштырган. (BD)

XS
SM
MD
LG