Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:06

Генерал И. Исаковду президентикке талапкер катары колдоп кол чогултууга тоскоолдук жасалууда

Генерал Исаковду коргоо комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева «Азаттыкка» билдиргенине караганда, район жетекчилиги жергиликтүү мекеме-уюмдардын жана ишканалардын башчыларына кысым көрсөтүп, азыркы президенттен башка талапкерлерге кол топтогондордун маселеси катуу каралат деп эскертүүдө. Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов менен байланышканыбызда, президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү арыз-даттануулар менен кайрыла электигин, андай факты болсо, токтоосуз чара көрүлөөрүн билдирди. (ATo)
XS
SM
MD
LG