Отуз бир жаштагы Роксана Сабери айым теги боюнча ирандык. Ал быйыл январда камалганда, оболу алкоголдук ичимдик сатып алган, андан соң уруксатсыз иштеп жүргөн деген доолорго кабылган, ал эми кечээ (18-апрелде) АКШнын пайдасына тыңчылык кылган айым катары соттолду. Ушул аптада жүргөн сот жараяны тез арада жана жабык эшик артында өттү. Коомчулукка тыңчылыктын кандайдыр бир далилдери тууралуу маалымат айтылган жок.
Роксана Сабери бир катар маалымат уюмдарынын, анын ичинде АКШнын Улуттук коомдук үналгынын (NPR) штаттан тыш кабарчысы катары иштеп келген.
"Чек арасыз кабарчылар" уюму Иран сотунун тыянагын адилетсиз чечим катары айыптады. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өз билдирүүсүндө журналистке чыгарылган өкүмгө “абдан иренжигенин“ белгиледи. Адвокат Абдолсамад Хоррамшахинин айтымында, Сабери айым сот өкүмүнө каршы апелляциялык арыз жолдомокчу.
Роксана Саберинин атасы Реза Саберинин “Азаттык жана Эркин Европа” үналгысынын фарсы кызматына (Фарда үналгысына) билдиргенине караганда, кызы "тергөө менен кызматташсам, абактан чыгам" деген ниетте өзүнө тагылган негизсиз айыпты моюнга алып, алданып калган. Бирок сот өкүмү угузулганда Роксана Сабери ага кол койуудан баш тарткан.