Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Иран журналистти соттогонуна АКШ “абдан иренжиди”


Ирандын соту АКШнын теги боюнча ирандык журналисти Роксана Саберини сегиз жылга түрмөгө кескенине “катуу иренжигенин” президент Барак Обама билдирди. Журналист АКШнын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн айыптуу деп табылды. Жабык эшик артында жүргөн сот жараянындагы өкүм кечээ угузулган. Саберинин адвокаты Абдолсамад Хоррамшахи “Ассошейтед Пресс” агенттигине өкүмдү “сөссүз аппеляцияга берерин” маалымдады.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун билдиргенине караганда, АКШ Швейцариянын Тегерандагы дипломаттары аркылуу сот чечиминин чоо-жайы жана журналисттин ал-акыбалы тууралуу билүүгө аракеттенүүдө.

31 жаштагы Роксана Сабери Тегерандан быйыл январда камакка алынган. Ал адегенде алкоголдук ичимдик сатып алган, андан соң уруксатсыз же лицензиясыз иштеп жүргөн деген доолорго кабылган эле. Ал эми АКШнын пайдасына тыңчылык кылды деген айып ага ушул айдын башында коюлду. Сабери Иранда акыркы алты жылдан бери жашап, бир катар маалымат уюмдары, анын ичинде АКШнын Улуттук коомдук радиосу менен штаттан тыш кабарчы ирээтинде кызматташып келген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG