Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

БУУнун расизм боюнча конференциясына беш өлкө катышпайт


АКШ, Канада, Израилдин конференцияны бойкоттоо жөнүндөгү чечимине кошулганын бүгүн Нидерландия менен Австралия билдирди. Конференция эртең, 20-апрелде Женева шаарында ачылмак. Аны бойкоттоп жаткан беш өлкөнүн айтымында, алар конференция Израилге жана Батышка каршы көз караштар айтылуучу трибуна катары колдонулабы деп тынчызданышат.

2001-жылы БУУнун расизм менен күрөшүү конференциясы Түштүк Африка республикасында өтүп жаткан кезде бир катар араб өлкөлөрү сионизмди расизмдин бир формасы катары таанууну талап кылгандан кийин, АКШ менен Израиль конференциядан кетип калган болчу.

Азыркы конференцияда Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын да чыгып сүйлөөсү белиленген. Адам укугун коргоочу уюмдар конференцияны утурлай Ахмадинежадды Иранда диний жана этникалык азчылыктарга, аялдарга каршы дискриминацияны жойууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG