Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Иран президенти абактагы журналист менен блоггерге адилет мамиле жасоого чакырды


Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, президент Махмуд Ахмадинежад мындай чакырыкты Ирандын укук коргоо органдарына жолдогон. Президенттин кеңсесинен Тегерандын прокурору Саид Мортазавинин атына жөнөтүлгөн катта абактагы журналист Роксана Сабери менен блоггер Хоссеин Дерахшанга “өзүн коргоосу үчүн баардык мыйзамдык укуктары менен эркиндиктерин” камсыздоо өтүнүчү айтылат.

АКШнын теги боюнча ирандык журналисти Роксана Сабери Американын пайдасына тыңчылык кылды деген айып менен 18-апрелде сегиз жылга түрмөгө кесилген. Вашингтон Иран сотунун өкүмүнө “абдан иренжигенин” билдирди. Мурдараак АКШ Роксана Сабериге тагылган айыптарды четке кагып, Иран бийликтерин аны абактан бошотууга бир нече ирээт үндөгөн.

Ал эми Ирандын жана Канаданын жарандыгы бар блоггер Хоссеин Дерахшан былтыр ноябрь айында камалган. Ал эмне үчүн айыпталып жатканы белгисиз.

XS
SM
MD
LG