Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

ЖККУнун баш катчысы Бишкекте


Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжанын Кыргызстандагы визити башталат. Анын максаты уюмдун жамааттык коопсуздук кеңешинин жакында боло турган жыйынына даярдыктын жүрүшү жана буга чейин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча маалымат алмашып, ыкчам аракеттеги бирдиктүү күчтөрдү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматовдун “Азаттыка” билдирүүсү боюнча Николай Бордюжа менен бул маселени Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жана Коопсуздук кеңештин катчысы Адахам Мадумаров эртең менен талкуулап, түштө маалымат жыйынын өткөрүшөт. Андан кийин Бордюжаны президент Курманбек Бакиев кабыл алат деген маалымат бар. ЖККУнун баш катчысы визит учурунда баңги соодасына каршы күрөшкө арналып, Ош шаарында өтүүчү кеңешмеге да катышат. (BD)

XS
SM
MD
LG