Президенттик шайлоону чагылдырууга Кыргызстандагы 133 маалымат каражатына уруксаат берилди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, БШКга 140тан ашык маалымат каражаты кайрылган. Алардын ичинен 90 гезит, 24 телерадио берүү жана 20 радио канал чагылдырууга укук алды. Ал эми беш маалымат каражатына уруксаат берүү убактылуу токтотулду. БШК алардын уюштуруучулары жана башка кошумча маалыматтар менен таанышкандан кийин уруксаат алышы мүмкүн.(BD)