Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

"Учурду" соттоо 22-апрелде уланат


Ушул жумада “Учур” көз карандысыз гезити менен “Малуба” ишканасынын ортосундагы сот иши уланат. Гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев “Азаттыкка” “Жаннат” мейманканасынын кожоюну болгон “Мабула” жоопкерчилиги чектелген ишканасы сотко арыз берип, эркин басма сөздү кысымга алууну көздөп турат деп билдирди. Анын айтымында, аталган ишкана жетекчилиги гезит ушул жылдын 19-февралында жарыялаган “Сулайманов “Жаннатка” жатып чыктыбы?” деген кабарда мейманкана шлакоблок кирпичтен салынган деген маалымат кардарларды коркутуп, материалдык чыгымга дуушар кылды деп Бишкек район аралык сотко берип, тарткан чыгымы үчүн эки миллион сом айыппул төлөп берүүсүн талап кылып жатат. Мейманкана маалыматтан эки миллион сомдук чыгым тартышы мүмкүн эмес деген башкы редактор мунун артында эркин гезитти материалдык жактан кысып, иштетпей коюуну максат кылып жатат деп белгиледи. Ал эми “Жаннат” мейманканасынын директору Инаят Мамазаирова “Азаттыкка” арыздын артында эч кандай саясат жок, бир гана жалган маалымат берген журналисттерди жоопкерчиликке тартуу аракети турат деп билдирди.Сот ишти 17-апрелде карай баштаган. (BD)


Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG