Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Иран президенти түрмөгө түшкөн кабарчы менен блоггердин укуктары тууралуу билдирүү жасады


Иран президенти Мухмуд Ахмединежаддын билдирүүсүндө, камактагы иран-америкалык журналист Роксана Сабери менен иран-канадалык блоггер Хуссейн Деракшан өздөрүн мыйзамдуу коргоо укуктарынан тоскоолсуз пайдалануулары керек деп айтылган. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын айтымында, президент Ахмединежаддын мындай маанайдагы каты Тегерандагы башкы укук коргоо органдарына жиберилген. Эскерте кетсек, Роксана Сабериге 18-апрель күнү АКШга тыңчылык кылган деген айып тагылып, 8 жылга соттолгон. Ал эми блоггер Деракшан 2008-жылдын ноябрынан бери абакта жатат. Ага коюлган айыптар дале белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG