Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы И.Исаковдун адвокаты Мукар Чолпонбаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, сот ишти карап баштайбы, же башка дагы бир маселе чыгабы ал 20-апрель түштөн кийин саат 14:00 белгиленген сотто билинет. Президенттикке талапкерлигин коюп жаткан Исмаил Исаковго каршы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, ал Коргоо министри кезинде кызматында кемчиликтер кетирген деп айыптоодо.(AiT)