Балыкчы шаардык соту Таалайбек Медеркуловго каршы козголгон кылмыш ишти кароону бүгүн баштап, соттун алдында аны абакта кармоону токтотуп, үйүнө чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Ысык-Көлдөгү кабарчысы Рита Нурмамбет кызы кабарлады. “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидери Аликбек Жекшенкуловдун иниси Таалайбек Медеркулов Балыкчы шаарынын вице-мэри кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. (AiT)