Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Б.Бешимов: “Кыргызстанга өзгөрүүлөрдүн желаргысы керек”


Социал-демократиялык фракциянын лидери Бактыбек Бешимов “Өлкөнү жаңылантууда саясий партиялардын орду” деген тегерек стол жыйында “Кыргызстанга өзгөрүүлөрдүн желаргысы керек” аттуу көз карашынын бет ачаарын жарыялады. Саясий партиялар парламенти уюштурган тегерек стол жыйынга Коомдук палата, Президенттин Катчылыгы, өкмөттүк эмес уюмдар жана саясат таануучулар катышкан. Б.Бешимов социал-демократтар адам укуктарын сактоого, социалдык адилеттүүлүккө, теңдикке, экономикалык өсүшкө басым жасаарын айтып, экономиканы президенттин айлана чөйрөсү эмес, өкмөт башкарыш керектигин билдирген. Социал-демократтардын лидеринин бул сунуштары катышуучулардын кызыгуусун пайда кылган. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG