Венесуэланын президенти Уго Чавес АКШ президенти Барак Обамага белекке берген китеп эң көп сатылган чыгармалардын катарына кирди. Эдуардо Галеанонун “Латын Америкасынын ачылган кан тамырлары: континентти талап тоноонун 5 кылымы” деген китеп Амазон. ком интернет сайты аркылуу сатылган китептердин арасында 2-орунга чыкты. Чыгарма Латын Америкасында башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктары үстөмдүк кылып келгенин, алар алып келген зыян тууралуу баяндайт.