Кыргызстан борборундагы “Хаят” мейманканасында бүгүн боло турган конференцияга Кыргызстандан өкмөт башчы Игорь Чудинов баштаган делегация, коңшу өлкөлөрдөн жана донорлордон өкүлдөр катышат. Конференцияда Майлуу-Суу, Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу жерлердеги уулуу заттарды зыянсыздандыруу, аларга тынымсыз байкоо жүргүзүү маселеси талкууланат. Эл аралык уюмдар уу калдыктарга тынымсыз байкоо жүргүзүү үчүн атайын агенттик түзүүнү кыргыз өкмөтүнө сунуштоодо. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)