Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун Баш катчысы Николай Бордюжа Алайдын борборунда жайгашкан аскердик бөлүккө барат. Андан кийин баңзаттарын ташууга каршы уюштурулган атайын операциянын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасына катышат. Баш катчыны КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров коштоп жүрөт. Бул тууралуу Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Гүлжамал Жороева “Азаттыкка” маалымдады.(ZKo)