Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитети Малайзиядагы элчиликке Турсунбай Бакир уулунун талапкерлигин колдоду. Т. Бакир уулун элчилик кызматка Тышкы иштер министрлиги сунуштаган эле. Комитеттин чечими ТИМге жөнөтүлдү. "ЭрК" партиясынын төрагасы Т. Бакир уулу мурун Акыйкатчы болуп иштеген, Мусулмандар биримдиги деген уюмду да жетектейт. Буга чейин президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирген. (EBM)