Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Медиа коому “Теле-радиоберүүлөр” тууралуу мыйзамдагы өзгөртүүгө каршы


Бүгүн отуздан ашык медиа уюмдун өкүлдөрү президентке кайрылуу жасап, "Теле жана радиоберүүлөр” жөнүндө мыйзамдын 8-беренесине тыюу салууну өтүнүштү. Бул беренеге ылайык, маалымат каражаттарында программалардын элүү пайыздан кем эмеси мамлекеттик тилде болушу керек жана ушунча эле өлчөмдөгү продукцияны компания өзү даярдашы керек. Журналисттер коомчулугу кайрылуусунда көптөгөн телерадиокомпаниялардын бул талаптарды аткарууга чамасы чак экени жана беренин өзү кыргыз мыйзамдарына каршы келери айтылган. Өлкө демократиялык жол менен өнүгүүдөн тайып, сөз эркиндигинин абалы кыйла начарлашы ыктымалдыгы эскертилген. Бүгүн Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитети “Теле жана радиоберүүлөр” жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жактырышкан эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG