Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

15 жылда Швейцария Кыргызстанга 175 млн. доллар жардам берген


24-26-апрелде Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы 15 жылдык кызматташууга байланыштуу бул мамлекеттин Кыргызстандагы өнүктүрүү долбоорлорунун көргөзмөсү Бишкекте, филармонияда өткөрүлөт. Ал жерден Кыргызстанда турмушка ашырылган долбоорлор менен таанышууга болот. Саат 10до баштала турган салтанаттуу кечеге Кызматташтык боюнча Швейцариянын бюросу менен иштешип жатышкан бийликтин, мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын, өкүлчүлүктөрдүн, БӨУ, ММКнын жана башка шериктер чакырылган. Ошондой эле, мааракеге каалагандар да катыша алат.

Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык боюнча расмий келишимге 1994-жылдын ноябрында кол коюлган. Швейцариянын кызматташтык боюнча Бишкектеги бюросунун кызматкери Турсунай Чодурованын "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, ошол 15 жылдан бери Швейцария Кыргызстанга экономика жаатында, жана ошондой эле, башкаруунун демократиялык принциптерине өтүүдө колдоо көрсөтүп келүүдө.

Ушул мезгилдин ичинде Швейцария Кыргызстанга саламаттык сактоо секторун реформалоо, суу ресурстарын башкаруу жана табигый кырсыктардын деңгээлин төмөндөтүү, негизги инфраструктура, жеке секторду өнүктүрүү, коомдук мекемелер жана кызмат көрсөтүүлөр тармагына техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам түрүндө 175 млн. доллар берген. 2007-2011-жылдарга белгиленип, аткарылып жаткан 20дан ашык долбоорлорго Швейцария жылына 13-14 млн. доллар бөлөт. Ал иштер негизинен экономиканы турукташтыруу жана демократиялык мамлекетти түптөөгө багытталган.

XS
SM
MD
LG