Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:23

К. Бакиев: Жергиликтүү көмүр өндүрүүчү ишканаларга колдоо керек


Президент Курманбек Бакиев тоо-кен өндүрүү тармагындагы маселелер боюнча бүгүн кеңешме өткөрдү. Ага өкмөт башчы, президент администрациясынын жетекчиси жана тиешелүү министрлик, мекемелердин өкүлдөрү катышты. Жыйында жалпысынан тоо-кен өнөр жайын реформалоо, келечектеги өнүгүүсү, пайдалуу кен чыгуучу жерлерди өздөштүрүү, тармактын ишканаларынын ишинин айкындуулугун камсыздоого байланышкан маселелер козголду. Окуу жайларда тиешелүү тармактагы кадрларды даярдоо иши солгундап кеткендигине басым жасалды. К. Бакиев талаптарга ылайык иш алпарып жаткан жергиликтүү көмүр өндүрүүчү ишканаларга ар тараптуу колдоо жана көмөк көрсөтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Өкмөткө Тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдору ассоциациясы иштеп чыккан Концепциянын долбоору менен таанышып, талкууга алууну сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG