АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Баучердин айтымында, Тажикстан менен АКШ Ооганстанга жүк ташуу боюнча макулдашууга жетишишти. Бул боюнча Баучер Тажикстанга болгон иш-сапары учурунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эми бир айдын аралыгында Тажикстан аркылуу жүк ташыла баштарын айткан. Кыргыз бийлиги Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан «Манас» аба базасын жабуу чечимин кабыл алгандан кийин, АКШ бийлиги жаңы жолдорду караштыра баштаган эле.