Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Иранда соттолгон америкалык журналист берилген жаза мөөнөтүнө каршы


Ирандын сот бийлигинин өкүлү Алиреза Жамшидинин айтымында, АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен 8 жылга кесилген журналист Роксана Сабери жаза мөөнөтүнө макул эмес. Анын мындай билдирүүсүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга чейин Иран президенти Махмуд Ахмединежад сот бийлигине кайрылып, айыпталуучуга өзүн мыйзамдуу түрдө коргоосуна толук шарт түзүлүшү керектигин билдирген. АКШнын теги ирандык журналистинин айланасындагы маселе, АКШ президенти Барак Обама Иран менен дипломатиялык алака курууга аракет кылып жаткан учурга туш келди. Мындан отуз жыл илгери АКШ менен Ирандын дипломатиялык мамилеси үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG