Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Азыркы учур айрым ортосаар оппозиционерлерди сынактан өткөрүүдө


БЭКтин мүчөсү Азимбек Бекназаров мурда оппозицияга аралашып жүргөн айрым адамдардын мамлекеттик кызматтарга кетип жатканына байланыштуу мына ушундай пикирин билдирди. Анын “Азаттыкка” айтканы боюнча президенттик шайлоо сыяктуу чоң казаттардын алдында элдин таламын талашып чыга калгандар жаандан кийинки козу карындай көбөйөт. “Мына ушуларга өздөрү эңсеген кызматтарга жетүүсү үчүн азыркыдай кырдаал өтө ыңгайлуу. Аларды бийлик тез эле көзүн таап, көңүлүн жайгарат. Мындай мезгил көптөгөн саясатчыларга сынак болот. Жеке өз кызыкчылыгын ойлогондор кызматка кетет, ал эми элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын жогору койгондор оппозицияда эле калышат,” дейт А. Бекназаров. Анын белгилегени боюнча БЭКке атайын меморандумга кол коюп кирген саясатчылар сөзүнө турат, деген ишеним чоң.(ZKo)

XS
SM
MD
LG