Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Нарын областында жолдорду асфалттоого быйыл 137 миллион сом каралган


Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев жетектеген Жогорку Кеңештин депутаттары Жумгал районунда болушуп, Чаек айылында курулган асфалт-бетон заводдун курулушу менен жеринде таанышышты. Саатына 30 тонна асфальт чыгара турган завод май айынан тарта ишке кирип, быйылкы жылы 15 чакырым аралык жол асфалтталат. Унаа жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов Нарын облусуна быйылкы жылы 137 миллион сом бөлүнгөндүгүн, каражат жагынан кыйынчылык болбостугун айтат. «Жолчу» жоопкерчилиги чектелген коомунун деректири Тынчтыкбек Маматбековдун айтымында, 17 миллион 500 миң сомдук иш аткаруу үчүн ТЭНдер өткөрүлгөн, бирок бул акча каражаты бериле элек. (KUs)

XS
SM
MD
LG