Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Э.Ибраимованын кайрылуусу бийлик жана анда жүргөн адамдар үчүн чоң коңгуроо


Мындай оюн “Азаттыкка” “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирди. Анын айтуусунда, учурунда бийликтин бийик мунарасында жүргөн дагы бир адамдын минтип элге кайрылып жатышы – азыркы бийликтин айткан сөзү менен жасаган ишинин бири-бирине дал келбей жаткандыгынын далили. “Ибраимова “Ак жол” партиясы кандай үмүт менен түзүлгөнүн, анын жыйынтыгы эмнеге алып келгенин, үмүттөр акталбаганын айтып жатат. Жакында “Ак жолдун” курултайы болот. Ошондо президенттин эл алдына чыгып сүйлөөсүнө бул кайрылууда айтылган сөздөр чоң тоскоолдук болот. Ибраимова кызматтан кеткенде эле президенттин саясаты менен макул эместигин көрсөткөн. Ошондон кийин анын партияда калуусу өтө оор болушу мүмкүн",-деп белгиледи Темир Сариев. (AzK)

XS
SM
MD
LG