Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Европа Биримдиги Молдова менен Румынияны жараштырууга аракеттенүүдө


Учурда Европа Биримдигине төрагалык кылып жаткан Чехиянын премьер-министри Мирек Тополанек бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Молдованын борбору Кишиневдо болуп, Молдованын президенти жана Коммунисттик партиясынын лидери Владимир Воронин менен жолугушту. Биримдиктин мүчөсү болгон Румыния менен Молдованы жараштыруу аракетин кылган Тополанек, Молдовадагы саясий кризис Европа биримдигин тынчсыздандырарын айтты. Ошондой эле ал бул маселе 27-28-апрелде Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда караларын билдирди. Ал арада Молдованын Конституциялык соту 5-апрелдеги шайлоонун жыйынтыктары «туура болгон» деген бүтүмүн жарыялады. Оппозиция дал ошол жыйынтыктарга каршы чыгып, шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болгонун айтышкан.

XS
SM
MD
LG