Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Түркия менен Армения алакаларын жакшыртуу боюнча келишимдерге жетишишти


Расмий Анкара билдиргенине караганда, эки өлкө алакаларын жакшыртуу боюнча бир катар ийгиликтерге жетишип, эки тарапты канааттандырган «Жол картасы» боюнча келишимдерди түзүштү. Бирок тараптар 1993-жылы жабылган Түркия-Армения чегарасын ачууну караштырган эмес. Атын атагысы келбеген Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, расмий Анкаранын мындан аркы кадамдары негизинен Армения менен Азербайжандын сүйлөшүүлөрүнө жараша болот. Армения менен Азербайжандын ортосунда талаштуу жерлерге байланыштуу жаңжалдар чыкканда Түркия тектеш азербайжандарды колдоо иретинде Армения менен чегарасын жаап салган эле.

XS
SM
MD
LG