Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Кумтөр боюнча жетишилген келишимге азырынча бир жактуу баа берүү кыйын


Анткени кол коюлган келишимдер толук жарыялана элек,-деп билдирди Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев “Азаттыкка”. Анын айтымында, Канадалык Камеко корпорациясы менен жетишилген жаңы келишим тууралуу тоо кен биримесинин мүчөлөрүнө президент 21-апрелдеги жолугушууда маалымат берип, жаңы келишимди жогору баалаган. Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун президентке жана парламентке 22-апрелдеги билдирүүсүнө караганда, жаңы келишим боюнча долбоордогу Кыргызстандын үлүшү 33% жеткирилди. Өткөн жыл сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн мезгил үчүн Центерра голд компани Кыргызстанга 22 миллион 444 миң доллар төлөп берет. Андан сырткары өндүрүлгөн продукциядан 18% салык төлөйт. Жалпысынан Кумтөрдөн 2026-жылга чейин 3 миллиард 432 миллион доллар Кыргызстан пайдасына түшөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG