Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:43

Депутатты өлтүргөн деп шектелип жаткан жигитке айып тагылды


ЖК депутаты Санжар Кадыралиевди өлтүргөн деген шек менен кармалган 32 жаштагы Алтынбек Итибаевге “мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салган” деген айып тагылды. А. Итибаев ИИМ тарабынан 20-апрелде кармалып, тергөө ишинин жүрүшүндө депутатты өлтүргөнүн мойнуна алган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай Алтынбек Итибаев депутатты аткан “ПМ” үлгүсүндөгү тапанча табылып, соттук-дастилоскопиялык жана баллистикалык экспертизадан өткөрүүгө жиберилди. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө Алтынбек Итибаев Санжар Кадыралиев менен мурда жакшы тааныш болгондугу, депутатты ортодогу коммерциялык ишмердүүлүктөн келип чыккан чатакка байланыштуу өлтүргөнү аныкталган.
Депутаттын өлүмүнө байланыштуу иликтөө-тергөө иштеринин жүрүшүндө А. Итибаевдин жанында ага жардам берген кишилер болгондугу аныкталды. Учурда аларды издеп-кармоо иштери жүргүзүлүп жатат, деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.
ЖК депутаты, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Санжар Кадыралиев 14-апрель күнү Бишкектеги үйүнүн жанында өлтүрүлгөн. (ZKo)




XS
SM
MD
LG