Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Чек ара кызматы: В.Понамаревдун ишмердиги үчүн Кыргызстанда тыю салынган


Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Үсөн Полотов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында укук коргоочуга 5 жылга дейре Кыргызстан аймагына кирүүгө тыю салынган. “Эскертүүлөргө карабай өлкө аймагына кайра-кайра кирүүгө аракет кылган Виталий Понамаревдун бул аракети мыйзамсыз. Укук коргойм десе ал кишиге Кыргызстан сырткары аянт көп” –дейт Үсөн Полотов. Чек ара кызматына “Мемориал” укук коргоо борборунун Орто Азия боюнча координаторун Кыргызстанга кийрибөө көрсөтмөсү Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан түшкөн. Бирок анын себептери ачыкталган эмес. Виталий Пономаревду кыргызстандык чек арачылар 22-апрель күнү саат 2:00дө казак-кыргыз чек арасындагы Чалдовар айылында поездден түшүрүп салышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG