Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:40

С. Кадыралиевди өлтүргөн киши видеокөзөмөл аркылуу табылды


Ички иштер министри М. Конгантиевдин айтуусунда, депутатты өлтүргөн киши "Керамин" деген дүкөнгө коюлган видеокөзөмөлдө тартылып калгандыктан улам табуу оңойго турган. ИИМде атайын мыйзам долбоору даяр турганын билдирген М. Конгантиев видеокөзөмөлдөө тууралуу мыйзамдын зарылдыгын белгилеп, эл өкүлдөрүнөн бул тууралуу мыйзамды карап чыгууну өтүндү. Анын айтуусунда депутат Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн Алтынбек Итибаевди автоунаасы менен депутаттын үйүнө алып келген Раатбек Сеитбеков учурда издөөдө. Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев депутаттарга маалымдады. Ошондой эле депутаттын жанында жүргөн Мамазаиров аттуу жигит куралын мыйзамсыз алып жүргөнү үчүн да камакка алынды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG