Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Өзбек чек арачылары Ноокен районундагы Чек айылына үстөмдүк кылууда


Бүгүн өзбекстандык автоматчан алты чек арачы айылдан автоунааларды чыгарууну талап кылды. Муну алар жергиликтуу тургундарга Чек айылы бейтарап кыштак экени менен түшүндүрүшкөн. Айылда 27 үй-бүлө кыргыз жана 42 үй-бүлө өзбек жараны жашайт. Алар Өзбекстандын чек ара, тартип коргоо уюмдары 19-апрелден бери жай турмушун бузганына нааразы болуп, укуктарын коргоо жана мыйзам бузууга жол койбоо өтүнүчү менен президент К. Бакиевге кайрылышты. Коңшу өлкөнүн кыштакты бийлешине негиз жок экенин белгилешип, 70 жылдан бери кыргыздар жашаган айыл качан жана кантип Өзбекстанга карап калганын түшүнбөгөндүктөрүн билдиришти. Ушул жекшембиде Өзбекстандын Пахтабад райакиминин орунбасары жетектеген куралдуу 20 чек арачы менен желим союлчан, кишендүү 20 милиция айылды тинткен. Алар өз аракетин террорчулукка каршы күрөш менен байланыштырышкан. Жер Өзбекстанга тийиштүү экенин кыйытып, каалабагандарды Кыргызстанга көчүп кетүүнү сунуш кылышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG