Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Нарын: 10 миллион 700 миң сомдук "желбуудай"


Мамлекеттик материалдык резервдер кору Ат-Башы районунан 331 тонна, Ак-Талаа районунан 268 тонна буудайды килограммын 17 сомдон сатып алгандыктары тууралуу өкмөткө жалган эсеп беришкен. Мындай маалыматты Нарын облустук мамлекеттик администрациясы бүгүн өткөргөн коллегиялык жыйынында губернатордун биринчи орун басары Мирадил Бакашов билдирди. "10 миллион 700 миң сомдук буудайды башка райондон алса болот, бирок Ат-Башы районунан топтоого ким ишенет?»,- дейт Мирадил Бакашов. Мамлекеттик материалдык резервдер корунун Нарын облусу боюнча өкүлү Сайранбек Жумаев мамрезервге буудай албагандыгын «Азаттыкка» маалымдады. (KUs)

XS
SM
MD
LG