Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Сербияда төрт полициячы Косово кыргынына тиешеси бар деп айыпталды


Сербиянын полициясынын мурдагы кызматкеринин экөө 20 жылга, бирөө 15 жылга, дагы бирөө 13 жылга кесилди. Сот айыпкерлерди Косоволук 48 албан улутундагы тынч жарандарды кырууга түздөн-түз тиешеси бар деп тапты. Соттун бүтүмүнө караганда, полицейлер тобу 1999-жылдын 26-мартында Косовонун Сува аттуу кыштакчасында тынч жарандарды үйлөрүнөн айдап чыгып, андан соң аларды кыргынга учуратышкан. Кыргынга учурагандардын он төртү жаш балдар, экөө ымыркайлар болгон. Өлтүрүлгөндөрдүн арасында бир боюнда бар аял жана 100 жаштагы кемпир да болгон.

XS
SM
MD
LG