Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Москва жана Ереван Тоолуу Карабак чатагын жөнгөрүү оң жолдо экенин белгиледи


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев менен Армениянын президенти Серж Саркисян Москвада жолугушуп, Тоолуу Карабак талаштуу аймагы боюнча Азербайжан менен Армениянын көп жылдарга созулган чатагы акырындап тынч жол менен чечиле баштаганын айтышты. Медведев журналисттердин алдында сөз сүйлөп жатып, Москванын араздашкан эки өлкө ортосундагы арачылыгы туура багытта баратканын баса белгиледи. Саркисян болсо, Азербайжан бийлиги талаштуу аймакты өзүнө кайтаруу үчүн күч колдоно турганын жарыялаганын, бирок кийинки сүйлөшүүлөрдө ырасмий Баку андай ниетин кайра артка алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG