Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Иракта террордук уюмдун лидери кармалган соң чабуулдар көбөйдү

Жан кечтилер өздөрүн жардырып жиберген эки жердеги террордук чабуулда кеминде 78 адам набыт болду. Анын алдында Ирактын куралдуу күчтөрү Аль-Каида террордук уюмунун Ирактагы бөлүмүнүн жетекчиси Абу Омар Аль-Багдади колго түшүрүлгөнүн жарыялашкан. Багдаддын түндүк-чыгышында жайгашкан ресторандардын биринде жан кечти өзүн жардырып жиберип, анда 47 адам набыт болуп, 55 чамалуу адам жаракат алышкан. Багдаддын түштүк-чыгышында дагы бир жан кечти полиция бекетине чабуул коюп, 31 адам набыт болгон. Араларында жаш балдар да бар.
​
XS
SM
MD
LG