Бул тууралуу партиянын лидери Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, курултайда өлкөдөгү кырдаал жана президенттик шайлоо маселеси талкууланат. Азыркы мезгилде президенттик шайлоого талапкер катары катышуу, же башка талапкердик колдоо маселеси чечиле элек. Ал жакынкы күндөрдө айкын болот, деп белгиледи Темир Сариев.(AiT)