Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров билдирди. Белгилүү болгондой Исмаил Исаков жана анын адвокаты Аскердик соттун чечимин кылмыш-жаза кодексине каршы келет деп, Конституциялык сотко дүйшөмбү күнү кайрылган. Ал эми Аскердик соттун коллегиясы Бишкек гарнизондук сотуна ишеним көрсөтпөө тууралуу Исаковдун арызын четке каккан. Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Аскердик соттун коллегиясынын андай чечим чыгарууга укугу жок. Андай укук Жогорку Сотто гана бар. Бул талашты эми бүгүн Конституциялык сот чечмекчи. (AiT)