Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Б.Бешимов “Дастан” ишканасы боюнча билдирүү таратты


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов билдирүүсүндө өкмөттү “Дастан” ишканасынын акциясынын ээлеринин дооматын териштирүүгө чакырды. Буга ишкананын акциясынын ээси болгон тогуз жүздөн ашуун адамдын кайрылуусу негиз берген. Алар ишкананы менчиктештирүү учурунда мыйзам негизинде акцияга ээ болушкандыгын, бирок алар күч менен тартылып алынып жаткандыгын билдирип, “Акционерлердин укугун коргоо коому” атынан кайрылышкан. Акционерлердин мындай дооматынын негизинде 2007-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бирок жыйынтык чыга электигин да кабарлашкан. Депутат ошондуктан мыйзам бузуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин демилгеси менен болуп жаткандыгын белгилеген.(BD)

XS
SM
MD
LG