Европанын энергия коопсуздугуна арналган жыйын болгар өкмөтү тарабынан уюштурулган жана бүгүн башталды. Ага 28 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрүнүн катышуусу белгиленген. Жыйынга башында Орусиянын премьер-министри Владимир Путин да катышмак. Бирок кабарларга караганда, Түштүк агым газ кууру долбоору боюнча Орусия менен Болгария ортосунда чыккан талаш-тартыштардан улам келбей калды.
Түштүк агым - Орусиянын же ал Борбор Азия менен Азербайжандан сатып алган газды Кара деңиздин түбү аркылуу Болгарияга жана андан ары Европанын калган өлкөлөрүнө жеткирүүнү мерчемдеген долбоор.
Түштүк агым - Орусиянын же ал Борбор Азия менен Азербайжандан сатып алган газды Кара деңиздин түбү аркылуу Болгарияга жана андан ары Европанын калган өлкөлөрүнө жеткирүүнү мерчемдеген долбоор.