Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Талибдер Пакистандын Бунер районунан кетүүдө


Бул тууралуу пакистандык расмий өкүлдөр билдиришти. Алардын айтымында, Талибандын согушкерлери өлкөнүн түндүк-батышындагы Бунер районунан кетүү менен өзүлөрүнүн таяныч бекети катары эсептелген Сват өрөөнүнө кайтууда. Мунун алдында Талибандын Пакистандагы колбашчысы Фейзулла согушкерлерине Бунерден кетүүгө буйрук бергени кабарланган эле. Пакистан өкмөтү өлкөнүн түндүк-батышында талиб согушкерлери менен эки жылга жакын созулган ок атышууну токтотуу үчүн быйыл февралда Сват өрөөнүндө жана анын айланасында шарият мыйзамы киргизилүүсүнө макул болгон.
Бирок согушкерлер бул келишимди башкалаа Исламабаддан 100 чакырымдай гана аралыкта жайгашкан Бунер районуна кирип келгенин актоо үчүн да пайдаланышты.

Премьер-министр Юсуф Реза Гилани бүгүн Талибанга эгер ал тынчтык келишимин бузса, өкмөт февралдагы макулдашууну кайра кароого мажбур болорун эскертти. АКШ Пакистан бийликтерин Талибанга өз турумун алдырып жатканы үчүн айыптоо менен өлкөдөгү кырдаалга “өзгөчө тынчыздануусун” билдирди.

XS
SM
MD
LG