Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Орусия Чеченстандын аймагында контртеррордук операциясын кайра баштады


Чеченстанда он жылга созулган контртеррордук операция аяктаганы мындан бир апта мурда гана жарыяланган эле. Коопсуздук үчүн коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышы Чеченстандын москвачыл президенти Рамзан Кадыровдун зоболосун көтөргөн олуттуу кадам катары каралган эле. Москванын чечимин Кадыров өзү да кубаттаган. Бирок андан бери Орусиянын маалымат каражаттары ар кандай атышуулар тууралуу кабарлады, ушул апта башында куралчандардын колунан үч аскер кызматчысы мерт болгон.

Орус аскерлеринин Чеченстандагы командачылыгынын өкүлү Владимир Патриндин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар Шали районун тоолуу бөлүктөрүндө жана Шатой, Ведено райондорунун аймактарында жаңы контртеррордук операция өткөрүүнү чечти. Анткени армия өкүлү белгилегендей, аларга “кылмышкерлердин лидерлери” бийликтин өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы террордук чабуул пландап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

XS
SM
MD
LG